7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин чок ортосунда Түгөлбай Сыдыкбековго эстелик коюлду

346

Бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу коомдук ишмер Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги ачылды.

Эстеликтин ачылыш аземине Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери, калемгердин замандаштары, шакирттери, үй бүлөсү жана окурмандар катышты.

Министр Алтынбек Максутов эстеликтин орнотулушуна кеңири токтолуп, жазуучунун эстелигин жасоо 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Болот Шернияз менен “Түгөлбай-Ата” коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленип, ар кандай жагдайлардан улам иш токтоп турганын, былтыр Министрлер кабинетинин чечими менен Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракеси жалпы улуттук деңгээлде өтүүчү юбилейлик иш-чаралардын тизмесине кирип, анын алкагында эстелик орнотулганын билдирди.

«Түгөлбай Сыдыкбеков атабыздын эстелиги өзүңүздөр байкагандай эле борборубуздун башкы көчөлөрүнүн бири Чүй проспектиси менен Эркиндик бульвары кесилишкен жерде, оң жана сол жагында Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин жанында орун алганы залкар инсаныбыздын улуулугун, мекенчилдигин дагы бир жолу тастыктап тургандай. Ошондой эле залкар инсаныбыздын аты менен XX кылымдагы кыргыз маданияты көп жагынан байланышып, бири-бирин көтөрүп, бири-бирин тиреп тургансыйт»-деп белгилеп, иш-чаранын катышуучуларын эстеликтин ачылышы менен куттуктады.

Эске салсак, эстеликти орнотуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланган.

Эстеликтин автору, айкелчи Азамат Абдрахманов
Архитектор: Нурсейит Мамбетказиев;
Долбоордун жетекчиси: Жанышбек Жамурзаев.

347