Бишкектин Үсөнбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Антон Середа аттуу Facebook колдонуучу баракчасына жазды.
Патрулдук милиция башкармалыгы билдиргендей, кагылышуу бүгүн саат 12.00дөр чамасында катталып, маршрутка менен Хонда Фит сүзүшкөн.
«Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Жибек Жолу проспектиси менен бара жатып, кичи автобус менен кагышкан. Окуя болгон жерде тез жардам кызматынын дарыгерлери иш алып барышты. Үч адам жеңил жаракат алган. Эки унаа тең унаа токтотуучу жайга жеткирилди», — деп берилет маалыматта.