Ош шаарында 9-кабаттан секирип, өз өмүрүнө кол салмак болгон келин куткарылды. Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков тастыктап, жаранга алгачкы психологиялык жардам көрсөтүлүп жатканын айтты.
Окуя, бүгүн 29-октябрда Ош шарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде катталган. 9-кабаттан секирмекчи болгон келинди Ак-Буура РИИБинин кызматкерлери куткарып калган.
Тасмада куткарылган келин, «баламы алып келип бергиле «-деп ыйлап жатканын көрүүгө болот.