7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дары чөптөр жана алардын касиеттери

3654

Өлкөбүздөгү чөптөрдүн сиз билбеген дарылык касиети дагы бар. Эң жөнөкөй жол менен даярдалган дары чөптөрдүн тизмеги сизге дагы керек чыгар. Дартка даба чөптөрдүн айрымдары кайсы ооруларды айыктыраарын билип алыңыз.

Дары өсүмдүктөр — медицинада, ветеринарияда ооруну дарылоо, алдын алуу максатында колдонулуп келет. Дары заттар кээ бир өсүмдүктөрдүн бүчүрүндө, жалбырагында же сабагында болсо, айрымдарынын гүлүндө же мөмөсүндө, тамырында. Даярдалган дары сырьёлору даярдоочу уюмдарга өткөрүлөт. Ошондой эле, айрым дары өсмдүктөрдө күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттар болорун эстен чыгарбоо керек. Аларды бир аз эле ашыкча кабыл алуу ууланууга же ооруну күчөтүүгө дуушарлантат. Андыктан, дары өсүмдүктөрүн врачтын гана көрсөтмөсү боюнча пайдалануу сунуш кылынат.

Бака жалбырак — Кадимки биз көрүп жүргөн бака жалбырактын көп кырдуу дарылык касиети бар. Кыргызстандын бардык жерлеринде кездешип, айрыкча арык жээктеринде, жол бойлорунда, тоо этектеринде жайытта өсөт. Ал суук тийгенге каршы жана жараны эрте айыктыруучу касиетке ээ. Кадимки өпкө оорусунун айыгышына да чоң жардам берет. Бака жалбырактын суудагы демделмеси жана кайнатмасы дем алуу органдары ооруган учурда (өзгөчө бронхитте жана кургак учукта) какырыкты жумшартып чыгарып, дем алууну жеңилдетет. Ичеги-карын катуу сезгенгенде, гастритке колдонсо оң натыйжасын берет. Андан сырткары, согончоктун чоруна, кесилип кеткен жараатына бака жалбыракты тартса айыгуусуна көмөктөшөт.

Ит мурун — жапайы жана эгилме өсүмдүк. Токой четинде, бадалдардын арасында, суу жээктеринде өсөт. Дары сырьёсу катары мөмөсү пайдаланылат. Аны күздөн баштап кышка чейин жыйнап алса болот. Мөмөсүндө С жана башка витаминдер бар. Ит мурундан жасалган дарылар витамин катары жана тамак сиңирүүнү жакшыртуу үчүн сунуш кылынат, боор жана өт ооруларында сезгенүүгө каршы колдонулат.

Каакым — көп жылдык чөп өсүмдүк. Суу жээгинде, жолдун боюнда, огороддо, талаа-шалбааларда жана башка жерде өсөт. Медицинада каакымдын тамыры дары катарында колдонулат. Элдик медицинада кургатылган тамырын жана чөбүн демдеп өт оорусуна жана тамакка табитти жогорулатуучу дары катары, ошондой эле тамак сиңирүү бездеринин секрециясын ылдамдатуу үчүн да колдонулуп келет.

Чалкан— көп жылдык өсүмдүк, бардык жерде кездешет. Анын жалбырагы дарылык касиетке ээ. Жалбырагы жайында гүлдөгөн убакта жыйналып көлөкөдө кургатылат. Кургатылган жалбырагы медицинада кан токтотууга жардам берет жана витамин жетишпегенде пайда болуучу ооруларды алдын алат. Элдик медицинада чалкан бөйрөк, табарсык жана боор оорусунда пайдаланылат.

Чычырканак — Сибирь, Кавказ, Казакстан жана Орто Азияда өскөн тикендүү өсүмдүк. Мөмөсү Е, С, В, В, витаминдерине, каротин, аскорбин кислотасы жана органикалык кислоталарга бай. Чычырканак мөмөсүнөн чычырканак майы алынат. Майында А, Е витаминдери, олеин, линол кислотасы бар. Чычырканак мөмөсү кеч күздө, суук түшө баштаганда жыйналат. Чычырканак майы гастрит, карын, он эки эли ичегинин жарасында, кызыл өңгөч рагында, денедеги күйүктү, үшүктү дарылоодо, гинекологияда кеңири колдонулат.

Ромашка- Айланабызда ромашка гүлү абдан көп өсүп жатса да, анын бизге канчалык деңгээлде керек экенин биле бербейбиз. Бул гүл сезгенүүгө каршы кеңири колдонулуучу каражат. Ромашка күйүктүн биринчи жана экинчи стадиясына жакшы таасир берет, тактап айтканда, бактерияларды өлтүрүп, ооруну басаңдатат. Сарык оорусуна, ич көпкөнгө жана табарсыктагы майда кум таштарды айдаганга чоң жардам берет. Гинекологияда жатын моюнчасынын сезгенүүсүнөн пайда болгон жарааттарды, ичеги-карын органдарындагы жарааттарды айыктырганга да колдонсо болот.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3655