Дары-дармек каражаттарын каттоо үчүн өткөөл мезгил 1-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши арыз берүүчү тарабынан дармек каражаттарын каттоону ишке ашырууну Евразиялык экономикалык бирлик эрежелерине, же интеграциялык бирликке мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык тандоо мүмкүнчүлүгүн берген өткөөл мезгилдин мөөнөтүн 2021-жылдын 1-июлуна чейин узартуу (алгачкы мөөнөт 2020-жылдын 31-декабры деп көрсөтүлгөн) чечимин кабыл алды.
Өткөөл мезгилди узартуу жана дармек каражаттарын улуттук каттоодон өткөрүүнү сактоо чечимин кабыл алуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагынын жаңы дары-дармектерге карай муктаждыгын толугураак канааттандырууга, ошол эле учурда каттоо досьелерин ЕАЭБ каттоо эрежелеринин талаптарына ылайык келтирүү иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.