2025-жылдын 3-мартында УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен районунун Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде Тажикстан менен Кыргызстандын дары-дармектердин ири партиясын мыйзамсыз алып өтүү аракетин алдын алган.
Товардын ээси-жергиликтүү тургуну Ы.К.У. болуп, анда Индия өндүрүшүнүн беш аталыштагы (Plastomet-50, Candiblotic, Herpinize-250, Herpinize-500, Galcyclovir) жалпысынан 4500 даана дары-дармектер табылган, алар онкологиялык ооруларды дарылоого жана ички органдарды трансплантациялоодон кийинки профилактикага багытталып, 3 млн. сомдон ашык суммага эч кандай коштоочу документтери жок Баткен жана Ош облустарынын аймагында сатылууга тийиш болгон.
Аталган факт боюнча УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кылмыш-Жаза Кодексинин 231-беренеси «Экономикалык аткезчилик» менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
УКМК органдары тарабынан КР Мамлекеттик чек арасында контрабанданы жана мыйзамсыз миграцияны өз убагында аныктоо жана бөгөт коюу боюнча алдын алуу чаралары көрүлүүдө.