7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Декабрдан баштап сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшү күтүлүүдө

717

Декабрь айынын экинчи жарымынан баштап сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, октябрдан баштап вирустук инфекциялык оору акырындык менен көбөйдү.

«41-аптанын ичинде мурункуга салыштырмалуу курч респиратордук вирустук инфекция ооруларынын анча чоң эмес өсүшү байкалды. Жабыркагандардын саны 4974 болуп, анын 94 пайызы 14 жашка чейинки балдар. 2020-жылдын ушул эле аптасында ооругандар 2,4 эсе жогору болгон.

Алдын ала эпидемиологиялык божомолдор боюнча, ушул жылдын декабрь айынын экинчи жарымынан баштап курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшү күтүлүүдө. Учурда республикада эпидемиологиялык абал туруктуу», — дешет мекемеден.

 Бишкекте сасык тумоого каршы эмдөө акы төлөнүүчү негизде «Малыш», «Гиппократ», «Эдельвейс», «Кроха», «Поликлиника 312», «KG», ЦАДМИР, «Интермедикал»  жүргүзүлөт. Жеке медициналык борборлордо эмдөөнүн баасы 450 сомдон 700 сомго чейин.

Эскерте кетсек, сасык тумоого каршы «Гриппол плюс» вакцинасынын 134 миң дозасы сатып алынган. Ушул жылдын 18-октябрына карата тобокелдик тобундагы 12 миң 400 адам эмдөөдөн өттү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

718