7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Декабрдан баштап вакцинанын эки дозасын алган жарандарга акча төлөнөт

2435

Вакцинанын эки дозасын алган жарандарга Украинада миң гривнядан (3200 сом) төлөп берет. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Владимир Зеленский өзүнүн видео кайрылуусунда билдирди.

Маалыматка ылайык, акча 19-декабрдан тарта бериле баштайт. 2022-жылы буга Украинанын бюджетинен 228 миллион доллар бөлүнөт дагы мындай программа бир нече ай иштейт. Акчаны «Дия» тиркемеси жоктор деле ала алат.

«Эки жолу вакцина алгандарга миң гривнядан төлөнөт. Ал «Дия» деген тиркеме аркылуу тез жана ыңгайлуу ишке ашат. Ал акчага спортзалга же фитнес-клубга абонемент алса болот, кинотеатрга, театрга, музейге же концертке барса болот. Же өлкөнүн ичинде саякаттоого билет сатып алса болот», — деди Зеленский.

Учурда Украина пандемия менен күрөшүп жаткан учуру. Көптөгөн аймактар, анын ичинде Киев да кызыл зонага кирген жана эмделгендигин тастыктаган QR коду барлар гана коомдук транспорт менен жүрө алышат.

Ноябрдын башында Киевдин тургундары эмделүүгө каршы нааразылык акциясына чыгып, пандемияга байланышкан чектөөлөрдү алып салууну талап кылышкан.

Белгилей кетсек, Украинада калктын үчтөн бири гана эмделген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2436