7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Илимпоздор Болот Шамшиев атындагы киночулар факультетин уюштурууну сунуштайт

411

Бүгүн Бишкекте маданият, тарых жана киночулар чогулуп, белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдык мааракесин белгилешти.

Иш чарага, Түркиянын кино режиссёрлор ассоциациясынын президенти Исмаил  Гүнеш, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус, Казакстан, Өзбекстандын элчилери, киносынчылар, тарыхчылар жана жакындары катышты.

 Болот Шамшиев кино ааламындагы айтылуу «Кыргыз кереметин» жаратуучулардын бири. Ал болгону 8 тасма тарткандыгына карабай, ар бир тасмасы эл аралык сынактарда, союздук республикалардын экранында байма-бай коюлуп, талкуу жарата алган.  Кыргыз деген эл бар экендигин, кыргыз элинин өзүнүн идеялогиялык, философиялык калыптанган көз карашы, майтарылгыс мүнөзү бар экендигин ачып бере алган инсан.

Шамшиев тарткан «Кара-Караш» тармасы менен кыргыз өңү аталган Сүймөнкул Чокморов белгилүү болгон. Аруулук, таттуу балалык жана үмүттүн символуна айланган «Ак кеме» менен Нургазы, сулуулук жана аялдык сезимталдык, калыстыкты даңазалаган Айтурган Темирова Шамшиевдин эмгегинин зор үзүрү.

Конференциянын жыйынтыгында, илим изилдөөчүлөр тарабынан мамлекет башчысына жана министрликке бир катар сунуштар берилди. Ага ылайык;

  1. Мамлекет башчысына Болот Шамшиевге  «Кыргызстандын баатыры»- наамын ыйгарууну кароо сунушу;
  2. Министрлер кабинетине- өлкө ичиндеги бир тоого Болот Шамшиевдин атын ыйгаруу,
  3. Бишкек мэриясына — Бишкек шаарындагы калктуу көчөгө Болот Шамшиевдин атын ыйгаруу сунушталды.
  4. Маданият министрлигине — ар жылы 12- январь туулган күнүнө карата бир ай Болот Шамшиевдин тасмаларын өлкө боюнча көргөзүү сунушталды.
  5. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясына — Бишкек, Ош шаарларынын борбордук бөлүгүнө Болот Шамшиевдин эстелигин, жашаган жерине мемориалын орнотуу.
  6. КУУнун ректоратына — Чет тилин үйрөтүүдө чет элдик тасмалардын ордуна Болот Шамшиевдин чет тилдерге которулган тасмаларын колдонуу.
  7. КУУнун ректоратына- кинодраматург, киносценарист, кино изилдөөчүлөрдү тарбиялап чыгаруучу факультет уюштуруп, ага Болот Шамшиевдин атын ыйгаруу.
  8. Билим беруу жана илим министрлигине — Мамлекеттик ЖОЖдордон Болот Шамшиев атындагы стипендия же гранддык орундарды уюштуруу,
  9.  Маданият министрлигине Болот Шамшиевдин тасмаларынын белек кылууга ыңгайлашкан заманбап ойлайн көчүрмөлөрүн даярдоо сунуштары берилди.

Бул  тарыхчы, илим-изилдөөчүлөр тарабынан кабыл алынып, өкмөткө сунушталган резолюция.  Мамлекет аны колдоого алып, ишке ашырса келечек муунду эмгекчил, мекенчил кылып тарбиялоого салым болоору айтылды.

Кино-бул кичинекей бир өмүр, бир өмүрдү камтыган бүтүндөй бир аалам.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

412