7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Дастан Бекешев үгүт иштерине мектеп окуучуларын пайдалангандыгы аныкталды

422

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешевдин шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзбөстөн, агитаторлорго финансылык каражаттар төлөнгөндүгү аныкталды. Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу менен, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.Бекешевдин үгүт иштерин жүргүзүшкөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрда талапкер Дастан Бекешев иштин жагдайлары боюнча өз ыктыяры менен көрсөтмө берүү үчүн КР УКМК органдарына келген.

«Азыркы учурда жогоруда аталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иштин жагдайларын аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн КР БШКга жиберилет. КР УКМК Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуунун алдын алууга көңүл бурат. Мыйзам бузуулар тууралуу маалымат болсо, КР УКМКнын 0312 620585 телефонуна кайрылууңуздарды өтүнөбүз», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

423