Эртең, 17-ноябрда Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8;
- Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
- Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9;
- Бийик тоолордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;
- Бишкекте түнкүсүн 0…-2, күндүз 6…8 градус жылуу болот.