Ошто кыз ала качып бараткан 4 жаран кармалды. Бул тууралуу ОШ ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-ноябрь күнү саат 15:30дар чамасында Ош шаарынан 2000-жылы туулган кызды белгисиз жигиттер ала качып кетишкен.
Көп өтпөй Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылын коопсуздоо кызматы ала качан жарандарды Отуз-Адырдан кармап, Ош ШИИБнин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факт Ош ШИИБнин Жазык-кодексинин 175-беренеси менен (никеге туруу максатында уурдоо) сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.