7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери кармалды

265

УКМК Дене тарбия жана спорт департаментиндеги коррупциялык схеманын бетин ачты.

Маалыматка караганда, департаменттин директорунун орун басары менен мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетекчиси 2023-жылы “Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоочу медицина борбору” мекемеси расмий түзүлгөнгө чейин медициналык жабдууларды сатып ала баштаган.

Ал үчүн аффирленген компания аркылуу 30 млн сомго, баасы жогору көрсөтүлгөн, талаптарга жооп бербеген жабдыктарды сатып алышкан. Ал жабдыктар толук колдонулбай, кампада сакталып турган.

Департаменттин директорунун орун басары, мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси жана “Ф” ЖЧКсынын директору Т.Н.А. кармалды. Жогорулатылган баадан улам мамлекетке 10 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

266