7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот аткаруучу алимент өндүрүү үчүн пара алып жатканда кармалды

340

Бишкекте жабырлануучудан алимент өндүрүп берүү үчүн пара алып жаткан жеринен сот аткаруучулар кызматындагы коррупциянын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Биринчи Май райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу, юстициянын капитаны Ж.А.М. тарабынан уюштурулган коррупциялык схеманын бети ачылган.

“Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кызматкер, жарандан алимент өндүрүү маселесин чечип берүү үчүн талап кылып жаткан 35 000 сом өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан жеринен кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп, кармалган жаран тарабынан мыйзамсыз иш алып баруусу мүмкүн болгон башка фактылар текшерилүүдө”, — деп берилет маалыматта.

КР УКМК эскертет: коррупциянын бардык фактыларына, анын ичинде калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамсыз аракеттерге катуу бөгөт коюлат.

341