Бишкекте өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган жарандын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал денесинин 80%ынан күйүк алган.
Эскерте кетсек, бүгүн, 28-февралда Шопоков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эркек адам өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган. Ал 1979-жылы туулган үй-жайы жок А.Р. аттуу жаран экени аныкталып, ооруканага жаткырылган.