Бишкекте 45 жаштагы мугалим жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 7-каналга Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-февралда Ж.А. аттуу жаран борбор калаадагы ЖОЖдордун биринин мугалими «А.» аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда, 2022-жылдын сентябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин жашы жете элек 2006-жылы туулган күйөөсүнүн карындашына сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган. Акыркы жолу Орто-Сай айылына жакын жерден анын эркине каршы жыныстык катнашка барган.
Бул факты Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, бардык экспертизалар дайындалган. Шектүү 1978- жылы туулган С.А. тергөө кызматына жеткирилген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бардык адамдар суракка алынып, Жазык-процессуалдык кодексинин 160-беренесинин (Тергөө жери) негизинде чогултулган материалдар Аламүдүн РИИБге өткөрүлүп берилген.