7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мырзаларга жакпаган айымдардын айрым 4 сапаты

722

Өмүрлүк жар тандап жатканда ар бир адам эле бири-бирине болгон мамилесине, мүнөздөрүнүн төп келишине карап тандайт эмеспи. Тандаган адамыңыздын сизге жакпаган адаттары, мүнөзү да болуп калат. Бирок, кемчиликтерин ачык айтып, акырындык менен оңдоого аракет кылсаңыз неге болбосун. Ал эми, бул макалада мырзаларга жакпаган айымдардын айрым 4 сапаты тууралуу сөз кылалы.

Дайыма нааразы болуп, ыйлай берген аялдар
Эркектер аялдардын ыйлаганын жаман көрөт- бул белгилүү чындык. Эгерде сүйүктүүңүзгө ачууланып жатсаңыз дароо эле көзүңүздүн жашыңыздын көлдөтпөй жөн гана сүйлөшүп, түшүндүрүп көрүңүз. Эң жаманы, коомдук жайларда, жолдошуңуздун досторунун арасында сиздин кыйкырууңуз, бакырууңуз анын аброюна шек келтирүү болуп саналат. Анткени, эркек киши ал учурда өзүн аял кишиден төмөн сезип калат. Ачууланып эмоцияга алдырбастан ошол учурда сабыр кылып, үйгө барганда өз алдынча чечишип алууңуз абзел.

Акчаны ысырап кылып, колдонгонду билбеген айымдар
Акчанын көбүн эле керектүү эмес жактарга жумшап, колдонгонду билбеген аялдар жок эмес. Мисалы, ашыкча кийим алуу, себепсиз бир жерлерге баруу, керектүү эмес эле буюмдарды сатып алуу. Аялдын сырткы келбетине кам көрүү маанилүү, бирок ар бир нерсенин өзүнүн чеги болот. Эркек кишинин капчыгына карабай эле, акчаны керектүү эмес нерселерге жумшай берген аялдарды алар жактыра бербейт.

Үй-бүлөлүк, жеке жашоосундагы проблемаларды башка адамдарга айта берген…
Үй бүлөдөгү маселелерди, айрым сырларды ашыкча эле туугандарына же курбу-курдаштарына айта берген айымдар жолдошун нааразы кылып коюшу мүмкүн. Үй-бүлөлүк маселелер эки кишинин ортосунда чечилгени туура. Жубайлар бирин-бири кечирет, бирок сиздин жакын адамыңыздын ичинде жолдошуңузга карата жек көрүү сезими пайда болушу мүмкүн дагы, ага карата терс ойлор кетет.

Кызгантууга аракет жасап, туура эмес кадамдарды жасай берген…
Эгерде мамиленин алгачкы этабында мындай көрүнүштөр сүйүү сезиминин күчөшүн билдирсе, убакыттын өтүшү менен мындай мамиле өтө эле чектен чыгууга алып келип, акырындык менен конфликт жаратат. Сиз өзүңүз тандаган инсанды сыйлашыңыз керек. Эгерде, атайын кызгантууга аракет жасап, жүрүм-турумуңуз өзгөрсө, эркек аны шек келтирүү, күмөн саноо катары кабыл алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

723