Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Винера Раимбачаева Жалал-Абадда бала бакчадагы тарбиялоочу балдарды уруп, ажатканага камаганын билдирди.
“Жалал-Абад шаарындагы №8 «Теремок» бала бакчасында тарбиялоочу балдардын оозун скотч менен таңып, ажатканага бекитет экен. Ушундай тарбия көрсөтөт экен. Бул чектен чыккан окуя. Тарбиялоочу алып жатканда психологиялык тесттен өткөрүү керек. Бул көрүнүштөрдүн баары видеодо көрүнүп турат. Ата-энелер “Гороно” менен байланышышкан,бирок алар тараптан эч кандай чара көрүлгөн эмес”,-деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram