7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ШКУнун жыйынында 14 документке кол коюлду

162

Бүгүн, 26-октябрда Бишкекте өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча 14 документке кол коюлду.

  1. ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар (премьер-министрлер) кеңешинин жыйырма экинчи отурумунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;
  2. ШКУ катчылыгынын ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана кеңешмелер жөнүндө отчёту тууралуу өкмөт башчылар кеңешинин (ӨБК) чечими;
  3. 2022-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча ШКУнун каржылык отчёту тууралуу өкмө башчылар кеңешинин чечими;
  4. ШКУнун 2024-жылга бюджети жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
  5. ШКУнун каржылык эрежелери жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
  6. ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын эмгек акысы, кепилдиктери жана кенемтелери жөнүндө Жобо тууралуу өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
  7. ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы аудиторлор комиссиясынын ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын каржылык-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча баяндамасы тууралуу өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
  8. ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын (темир жолдорунун) кызматташуу Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин чечими (Ташкент шаары, 2019-жылдын 2-ноябры);
  9. ШКУ Катчылыгынын штаттык расписаниеси боюнча өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
  10. ШКУнун аймактык-антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин штаттык расписаниеси жөнүндө чечим;
  11. ШКУ аймагынын сатып алуучулар менен сатуучулардын санариптик жолугушуусунун Концепциясы боюнча өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
  12. 2017-жылдын 1-декабрындагы ШКУнун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
  13. ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун санариптик соода чөйрөсүндө кызматташуу келечегин изилдөө демилгеси (кол коюусуз кабыл алынган);
  14. 2024-жылы ШКУда «Экология жылын» өткөрүү боюнча иш-чаралар планы.
Иш-чарага Беларусь, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан премьер-министрлери катышууда. Ошондой эле Түркмөнстандан вице-премьер, Индия менен Пакистандан тышкы иштер министрлери келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

163