7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: «Бешинчи канал», «Пирамида» телеканалдарына чекит койбосок болбойт

351

«Бешинчи канал» жана «Пирамида» телеканалдарын сатуу сунушталды. Телеканалдардын маселеси бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде көтөрүлдү.

Телеканалдардын кызматкерлерине 2020-жылдын декабрь айы үчүн бюджеттен каралган айлык жетпей калгандыктан 40 миллион сомду бөлүп берилди.

Маалым болгондой, «Бешинчи каналдын» 82 миллион 484 миң сом карызы бар.

«Биз телеканалдарды башка да активдерди менчикке беришибиз керек. Бул каналдар боюнча комиссия түзүп чекит койбосок болбойт. Ошол эле кезде азыр аларга акча бербей ишин токтотуп койгон да туура эмес. Анткени ал жерде кызматкерлер иштеп атат. Парламенттин көз карашы боюнча телеканалдар жыштыктары менен сатылышы керек. Жок эле дегенде алар бюджеттен акча албай калгандай деңгээлге жетиш керек», — деп сунуштады депутат Марлен Маматалиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

352