Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, шайлоочулардын кайрылуулары айтылды.
Депутат Бактыбек Турусбеков Бишкек шаарында айдоочулар үчүн эч кандай шарттар түзүлбөгөнүн жүйө келтирип: «Эгер шаардын кирешесин көбөйтөбүз десек, биринчиден бардык шартты жана коопсуздугу камсыздалган унаа токтотуучу жайларды ачуубуз керек. Анткени шаарда унаа токтотууга ылайыктуу жайларда шарт жок», — деп кошумчалады.
Ошондой эле, депутат Карамат Орозова коронавирус илдетине каршы күрөшкөн дарыгерлердин көпчүлүгү тиешелүү кенемтесин ала албай жатканына токтолуп: «Алардын эмгеги бааланышы керек», — деди.