«Азия Молл» соода борборунун тушунан модель Сусанна Егорян менен кыздар мушташа кеткен. Бул окуя тууралуу Ленин РИИБнин басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 12-март күнү болгон. Милицияга саат 4:00дө «Азия Молл» соода борборунун жанында кыздардын мушташып жатканы тууралуу маалымат түшүп, 2004-жылы туулган кыз бөлүмгө жеткирилген. Ал пикир келишпестик болуп, мушташ чыгып кеткенин жана милиция келгенге чейин өздөрү чечишип алгандыгын айтып, арыз жазбай турганын билдирген.
Андан соң, Сусанна Егорян милицияга кайрылып, түнкү клубдун жанынан 19 жаштагы кыз аны сабаган деп айыптап, уруш учурунда анын 45 миң сомдук бриллиант шакегин жоготуп алганын айтып арыз жазган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, социалдык тармактарда кыздардын мушташкан видеосу тараган. Алар, социалдык тармактарда бири-бирин «жеңил-желпи жашоо образын карманат» деп айыпташууда.