7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэриянын кызматкерлери 781 млн сом мыйзамсыз эмгек акы алып жүрүшкөн

402

Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери мыйзамсыз түрдө 781 млн сом өлчөмүндө көбөйтүлгөн эмгек акы алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Финансы министрлигинин Бишкек шаардык финансы башкармалыгында (БШФБ) Бишкек шаарынын өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугуна карата текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, ар ай сайын эки маянанын өлчөмүнө чейин мыйзамсыз жогорулатуу менен кошумча үстөк акы төлөнүп келгендиги аныкталган.

Тактап айтканда, 2021-2022-жылдар аралыгында Бишкек шаардык мэриясынын, Бишкек шаардык Кеңешинин жана Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, өздөрү жана башка адамдар үчүн пайда көрүү максатында мыйзам талаптарын одоно түрдө бузушуп, Бишкек шаардык Кеңешинин «Бишкек шаарынын 2021-2022-жылдарга бюджетин бекитүү жөнүндө» токтомдору менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз кошумча үстөк акылар каралган.

Натыйжада, бюджеттик каражаттардын 781 млн 397,3 миң сомдун мыйзамсыз чыгымдалышына жана анын ысырапкорчулугуна жол берилип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

403