Элдик депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев картошканын баасы арзандап кетип, дыйкандар ыйлап кайрылып жатышканы боюнча маселе көтөрдү.
«Бүгүн картошканын баасы 8 сом. Ал баага да өтпөй жатат. Дыйкандын кызылдай эмгеги күйдү. Кайсы кошуна мамлекеттер менен келишим бар, сыртка сатуу боюнча? Дыйкандарга мамлекет кандай жардам бере алат?»,- деди эл өкүлү.