7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаарынын 146 жылдыгы өзгөчө өттү

447

Президент Садыр Жапаров 26-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда шаар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чара Жалал-Абад шаарынын аталышынын тарыхына арналган майрамдык оюн-зоок менен башталды. Сөз сүйлөп жатып, мамлекет башчысы кыргызстандыктарды Жалал-Абад облусунун борборунун 146 жылдыгы менен куттуктады.

Ал ата-бабалар кезинде Ата Мекенибизди кан-жаны менен коргоп, күрөшүп жүрүп, бизге – урпактарга калтырганын эсибизден чыгарбашыбыз керектигин, тарыхыбызды урматтоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Андан соң президент эки спортчу Рустамбек уулу Нурадинге жана Амантур Исмаиловго батирлердин ачкычтарын тапшырды. Садыр Жапаров спортчулардын талыкпаган эмгегин баалоо, колдоо — мелдештерде жеңишке жетүү, жаштарды спортко тартууну пропагандалоо максатында жасалып жатканын белгиледи. Улан-кыздар спорттун кайсы бир түрүнөн өлкөнүн желегин эл аралык аренада бийик көтөрүп, даңазалаган чемпион, залкар инсан болууга умтулушса, жакшы болот, деп дени сак болууга үндөдү.

Андан соң салтанаттын коноктору үчүн маданият ишмерлеринин жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа коюлду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

448