Бишкектеги мушташка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган П.Э. жана 1987-жылы туулган А.Д. кармалган.
- Учурда милиция тарабынан иштин бардык жагдайларын аныктоо жана башка тиешеси бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берүү боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Мушташка катышкандардын бирин депутат Жаныбек Абиров деп таанышып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткен.