Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Жаңы жыл майрамын утурлай кат менен кайрылган 12 жаштагы Эржандын кыялын орундатты.
Бишкек шаарындагы мектептердин биринде билим алган Эржан жазган катында алты бир тууганы бар экенин жана футболго кызыгарын белгилеген.
Андан тышкары, ата-энеси тууралуу айтып берген.
Ага ылайык, депутат Айбек Маткеримов Эржанга кыялданган өзү тебилүүчү жабдууну тапшырып, бир туугандарына да таттууларды белек кылды.