7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде 240 орундуу бала бакча оңдолот

430

Билим берүү жана илим министрлиги Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен бирге билим берүү жана илим чөйрөсүндө МЖӨнүн ар кандай формаларын киргизүү, анын ичинде мектепке чейинки мекемелерди түзүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу тапшырылган. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда маалымат жыйында Мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова билдирди.

“Чакандан чоңго чейин ар кандай долбоорлорду узак мөөнөттүү жана натыйжалуу башкаруунун пайдубалы түптөлүүдө. Анда жеке инвесторлор ачык конкурстар аркылуу социалдык-экономикалык объектилерди нөлдөн баштап жакшыртууга жана көп учурда калыбына келтирүүгө, башкарууга жана каржылоого жардам бере алышат”, — деп билдирди Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжар Болотов.

Долбоорлорду ишке ашыруу балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү зарылчылыгынан келип чыгат. Пилоттук долбоор Чүй облусунун Таш-Дөбө айылында ишке ашырылат.

“Биздин 6 айылыбызда 240 миңден ашуун тургун бар. Мында ар бир бешинчи бала бакчага барбайт, анткени жакынкы иштеген мекемелерде орундар жетишсиз”, — дейт Таш-Дөбө айыл аймагынын башчысы Арзымат Мейманов.

Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк борборунун, Билим берүү министрлигинин, ЮНИСЕФтин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча демилгеси балдардын мектепке чейинки мекемелерин уюштурууга жана башкарууга жеке инвесторлорду тартууга мүмкүндүк берет. Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө бала бакчалардын инфраструктурасын куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү, ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдик формаларын башкарууну жана уюштурууну камтыган, жеке инвестор менен мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүү моделдери иштелип чыккан.

“Инвестицияланган ар бир доллар жети эсе кайтарылат. Коомдук пайда билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоонун жакшырышынан байкалат. Муну түшүнүп, моюнга алышыбыз керек. Ошондуктан, мен жеке секторду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу кенже курактагы балдарды өнүктүрүүгө багытталган бул демилгени кубаттайм”, — деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

431