7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: Президенттин карындашы 5 жолу экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүк ала албай койгон

717

Орусиянын депутаттары Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салчу мыйзам долбоорун артка кайтарып алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.

«Биз сүйлөштүк. Алар бул мыйзам боюнча толук бизди колдой турган болушту. Ал эле эмес, мыйзам долбоорду демилгелеген депутат жана анын фракциясы менен жолуктук. Артка кайтаргыла деп маселени козгодук. Депутаттардын ортосунда чечилди. Алар айтат «силер да аракет кылып койгулачы» деп. Бизде күчөтүлгөнүн түшүндүрдүк. Керек болсо, президенттин карындашы 5 жолу экзамен тапшырып, ала албай койгонун айттык. Россиялык кесиптештер реалдуу түрдө күбөлүк алган адамдардын маалыматтык базасын бере аласыздарбы деп сурашты. Жасалма документ жасап 3000 сомдон саткандар бар экен. Ушул тизмени берүү мүмкүнбү?» — деп кайрылды Маматалиев.

718