7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик топографиялык топтору чек арада 47,05 чакырымды макулдашты

722

2023-жылдын 8-декабрынан 14-декабрына чейин, топографиялык жумушчу топтордун, ошондой эле  кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашышты.

Калган участокторду сыпаттоо боюнча тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында өтөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү.

723