Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева саатты 1 саатка артка жылдыруу демилгесин колдоону суранды.
Анын айтымында, бул электр энергиясын үнөмдөөгө алып келерин жана жарандардын ден-соолугуна жакшы таасирин тийгизет.
«Тарыхка кайрылсак, сааттын жебелери 1924-жылдан бери 6 жолу жылган. Учурда Кыргызстан UTC+6 географиялык убакыт алкагында турат. «Баткен таңы» гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов жана тиш дарыгери Нурали Койлубаев UTC+5ке өтүүнү сунушташкан. Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен Тажикстандан бир саат алдыда. 2005-жылдан бери саат жылдырылбаптыр», — деди ал.
Ал министрлер кабинетинен сунушту карап чыгып, жооп берүүнү суранды.