Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев экинчи аялы жана андан эки уулу бар экенин ачыктаган. Бул тууралуу ал «Менин жашоом» аттуу автобиографиялык китебинде жазган. Назарбаевдин экинчи үй-бүлөсү тууралуу Orda.kz жазып чыкты.
Ал экинчи жубайы Асел Исабаева менен Талдыкоргонго болгон сапарында таанышкан.
“Өлкө башчынын аймактарга болгон иш сапарында учактын тепкичинде гүлдөр менен тосуп алышат. Мындай аземге катышуу үчүн эң сулуу жергиликтүү кыздар тандалып алынары белгилүү. Бул биз көнгөн, жагымдуу ритуал. Бирок ошол окуя өзгөчө таасир калтырды. Аэропортто мага гүл тартуулаган кыз укмуштай сулуу эле. Мен көп учурда анын жалындуу көз карашы жана жарашыктуу фигурасын эстей берчүмүн”, — деп жазган Назарбаев.
Экс-президенттин айтымында, ал Аселди 1999-жылы «Мисс Казахстан» сулуулар сынагынын башкы сыйлыгын жеңип алганы тууралуу маалыматтар чыккандан кийин тапкан. “Таанышуубуз жакшы көрүүгө, кийин жакындашууга айланды. Бара-бара сүйлөшүп баштадык. Аселдин сырткы келбетинен да, оюнан да мен издеген көптөгөн сапаттарды көрдүм. Эң негизгиси, мен көп жылдардан бери келе жаткан руханий жалгыздыктан арылдым”, — дейт ал.
Назарбаев экинчи жубайына нике кыйып баш кошуп, 2005 жана 2008-жылдары Тауман жана Байкен аттуу уулдуу болушкан.
Назарбаев биринчи аялы Сара жана үч кызы Дарига, Динара жана Алия экинчи үй-бүлөсү тууралуу билип, аны туура түшүнүп, кечиргенин кошумчалаган.
“Дайыма мага таяныч болуп, оор сыноолордо жанымда болгон үч кызымдын апасы Сарага өмүр бою ыраазы болуп, камкордук көрүп келем. Ушул оор турмушта менин тагдырымдын ошол бурулушунда мени түшүнүп, кечиргени мени да сооротту. Ошондой эле кыздарым Дарига, Динара, Алия дагы мени туура түшүнүштү”— деп жазган ал.