7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: Тажикстан менен чек араны чечүүдө Кыргызстан уттурду деген чоң жаңылыштык

132

Тажикстан менен чек араны чечүүдө Кыргызстан уттурду деген чоң жаңылыштык. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.

Балбак Түлөбаевдин айтымында, Кыргызстанда он жылдап чечилбей келген көйгөйлөрдүн сап башында чек ара маселеси турган. Биздин мамлекеттик чек арабыз Кытай, Казакстан менен чечилген. Бирок Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселеси чечиле элек болчу. Мына эми ушул эки өлкө менен чек ара маселе чечилип жатат. Анткени чек ара такталбаса чыр-чатактар болуп, өлкөлөрдүн экономикасына, элдердин достугуна таасирин тийгизет.

“Өзбекстан менен чек ара маселебиз чечилди. Эми Тажикстан менен мамлекеттик чек арабыз чечилип жатат. Жергиликтүү тургундар менен жолукканыбызда чек ара маселесин чечип берүүнү суранышкан. Маселе чечилбесе чек арада жашоого мүмкүн болбой турганын айтышкан. Ошондуктан президент Садыр Жапаров саясий эрк менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырма берип, кыргыз-тажик чек арасын чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мына учурда Тажикстан менен экспорт-импорт токтоп турат. Конфликттерден улам канча жарандарыбыз кайтыш болду. Тажикстан тарап деле биз эмне алдык, ордуна эмне бердик деген суроолор жаралса керек. Чек ара маселесинде эки өлкөнүн тең кызыкчылыгы эске алынышы маанилүү. Тажикстан менен чек араны чечүүдө бул кызыкчылыктар эске алынды. Ошондуктан Кыргызстан уттурду деген чоң жаңылыштык”, — деп белгиледи эл өкүлү.

133