Мамлекет үчүн чек аранын бүтүндүгү, тынчтык жана элдин өмүрү эң кымбат. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө чек ара маселеси чечилбей келгендиктен чыр-чатактар чыгып, канчалаган жарандар окко төшүн тосуп каза болду, миңдеген тургундар жашаган айылдарынан убактылуу коопсуз аймактарда эвакуацияланды. Ондогон үйлөр жабыркап, мамлекет тарабынан кайра курулду. Ошондуктан эл өкүлү чек ара маселеси чечилбей ушундай окуялардын кайталанышынын кереги жок деп эсептейт.
“Кыргызстанда мына канча жылдан бери чек ара маселеси чечилбей келген. Көптөгөн чыр-чатактар орун алды. Ушундай окуялардын кайталанышынын кереги барбы? Албетте, бизге кереги жок. Мамлекеттин чек арасы өлкө үчүн маанилүү. Тажикстан менен чек арабызды аныктоо үчүн канчалаган сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул маселенин үстүндө иштеген адистерди жетектеген УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгыбызды билдиришибиз керек. Чек ара маселеси чечилип жаткандыктан бир мамлекет утту, бир мамлекет утулду деген түшүнүктөр болбошу керек. Камчыбек Ташиев мекенчил киши болгондуктан, 1 сантиметр жерди ашыкча бербейт, мен буга толук кандуу ишенем. Ошондуктан чек ара маселесинин чечилишине эч күмөнүм да жок. Бизге чек аранын бүтүндүгү, элдин өмүрү жана тынчтык эң кымбат нерсе. Учурда Достук айылынын тургундары башка айылга көчүрүлүп, турак жай менен камсыздалганы турат. Биздин айылдын жери тажик тарапка берилсе, биз дагы алардын айылдарын алып жатабыз. Чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиялар эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарын эске алуу менен келишимдерди даярдашты”, — деди Кундузбек Сулайманов.