7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат Жаныбек Абиров мандатын тапшыра тургандыгын билдирди

486

Мен, окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшыруу чечимин кабыл алдым. Бул тууралуу депутат Жаныбек Абиров билдирди.

«Менин катышуумдагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. Окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды жана мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм. Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок, анткени Бишкектин Ленин районундагы 11 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле. Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин, Жогорку Кеңештин депутатынын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм. Жалпыңыздардын алдыңыздарда, Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, ошондой эле мага ишеним көрсөткөн шайлоочуларымдан жана командамдан чын жүрөктөн кечирим сураймын»- деген Абиров.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда Жаныбек Абиров бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Окуя 12-мартка караган түнү Бишкектеги “Золотой дракон” ресторанында болгонун милиция маалымдаган. Ал жерде күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташып, 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн. Милиция мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголгон. Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. 2016-2021–жылдары Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

487