Социалдык тармактарда Биринчи айым Айгүл Жапарова акча таратып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
“Урматтуу интернет колдонуучулары, сиздерге төмөндөгү маалымат жалган экенин маалымдайбыз. Маал-маалы менен биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар. Бул баракча Айгүл Жапаровага таандык эмес. Ошондуктан мындагы маалыматка ишенип, алданып калбоого чакырабыз”- деп берилет билдирүүдө.