Бишкек ШИИББден билдиришкендей, кырсык болгон жерден качып, анын ичинде адам өлүмү менен коштолгон жол унаа кырсыктарында из жашырган айдоочуларды издөө иштери жүргүзүлдү.
24-25 — март күндөрү шаардык милициянын 400дөн ашык кызматкерлери транспорт каражаттарын уурдоого катышкан адамдарды аныктоо, кармоо жана мамлекеттик каттоо номерлерин алмаштыруу, транспорт каражаттарынын идентификациялык номерлерин алмаштыруу, мурда уурдалган унаалардын запастык бөлүктөрүн мыйзамсыз демонтаждоо жана жерлерди аныктоо боюнча профилактикалык иш-чараларга тартылган.
Милиция кызматкерлери шаардын аймагында көчмө постторду уюштуруп, башка мамлекеттин мамлекеттик номуру менен жүргөн унааларды текшеришти. Мындан тышкары, борбор калаада жайгашкан техникалык тейлөө станциялары, “Геология” унаа тетиктерин сатуучу жайлар жана “Кудайберген” базары текшерилди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram