7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар кафе-ресторандарда кальян чегүүгө тыюу салууну сунуштайт

982

Бүгүн, 29-июлда Жогорку Кеңеште кафе-ресторандарда тамеки, электрондук тамеки жана кальян чегүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралды.

Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаева экинчи окууга бир топ өзгөртүүлөр менен алып келгенин билдирди. Мисалы, аэропортто, аялдамаларда тамеки чегүүгө жана сатууга коюлган чектөөлөр алып салынган.

«Бул мыйзам долбоору пандемия башталганга чейин иштелип чыгып, биринчи окуудан өткөн. Азыр пандемияны эске алуу менен өзгөртүп алып келдик. Кыскача айтканда, тамеки чегүүгө тыюу салынбайт.  Албетте, биз андай чектөө киргизе албайбыз. Биз коомдук жайда чегүүгө тыюу салабыз. Тамеки чеккен адам башка кишинин таза абадан дем алуусуна тоскоолдук жаратпашы керек. Азыр тамеки чегүүгө уруксат берилген кафе-ресторандарда ден соолугу таза балдар, окуу акысын төлөйм деген студенттер иштеп жатпайбы. Ал жерде ракты пайда кылуучу аба айланып жүрөт, бул чеккен адамга караганда чекпегендерге көбүрөөк зыяны тиет«, — деди Алтыбаева.

Ошондой эле ал мындай мыйзам дүйнөнүн 140 өлкөсүндө эчак эле кабыл алынганын, Россияда 2020-жылдын соңунда коомдук жайда электрондук тамеки менен кальян чегүүгө да тыюу салынганын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

983