Бишкекте Октябрь районунун акими алмашты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, мурунку жетекчи Данияр Арпачиев өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анын ордуна Мирлан Эшкожоев дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.
Буга чейин Мирлан Эшкожоев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун статистика бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген. Ал эми бүгүн, 29-июлда вице-мэр Русланбек Акылбеков жаңы жетекчини коллективге тааныштырды.