7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөт мүчөлөрү депутаттарды тоготпогону эл өкүлдөрүнө жакпайт

345

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутататтар мининстрлер кабинетинин мүчөлөрү аларды тоготпой жатканына даттанды.

Алгач Марат Мураталиев Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары эл өкүлүнө туура эмес мамиле кылганын билдирди. Ал Таластагы шайлоочулар менен жолукканда саламаттык сактоо министри менен Көпүрө-Базардагы бейтапканага кирип, курулушу менен таанышканын айтты.

«Таласта шайлоочулар менен жолугууга барганбыз. Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары чалып: «Силер эмнеге кирдиңер, минкабдын буйругу менен киргенге болбойт”, — деди. Ушул маселени карап койсоңор. Көзөмөл кылуу — бул биздин укугубуз да», — деди төрагага кайрылып.

Буга утурлай депутаттар Дастан Жумабеков жана Эрулан Көкүлов дагы өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин так аткарбай жатканын белгиледи. Спикер Нурланбек Шакиев Бакыт Төрөбаевге кайрылып, мындай көрүнүш бийликтин эки бутагынын ортосуна жарака салаарын, муну көзөмөлгө алууну айтты.

346