7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар мектептерди 14-декабрдан 17-январга чейин каникулга таратууну сунушташты

249

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мектептерде кышкы каникулду 14-декабрдан 17-январга чейин жарыялоону, андан кийин салттуу формада окутууну сунушташты. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында айтылды.


Маалыматка ылайык, демилге депутат Валентина Лисниченко тарабынан көтөрүлгөн.
«Бул ата-энелерге, балдарга жана тарбиячыларга онлайн-режиминде билим алуудан оолактатууга жана мектептерде салттуу билим берүү формасына кайтууга даярдануу мүмкүнчүлүгүн берет», — деди ал.


Валентина Лисниченко мындай чечим кабыл алынса, окуу жылын ушул жумага, андан кийин майга узартууга болот деп кошумчалады.

«Бул акылга сыярлык нерсе. Ата-энелер аябай чарчашты, тилекке каршы, балдар арасында өз өмүрүнө кол салуу фактылары көбөйүп кетти жана бул бизди тынчсыздандырбай койбойт», — деп баса белгиледи.


Ал эми борбор калаанын мэри Балбак Түлөбаев бул маселе тууралуу Билим берүү министрлигине кайрылуу керек экендигин айтты.


«Эс алуу тууралуу чечимди Билим берүү министрлиги кабыл алат. Аларга кайрылса болот, мен министр менен республикалык штабдан бул маселени талкуулайм», — деди мэр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

250