7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар жана аппарат кызматкерлери чек арадан жабыркагандар үчүн кан тапшырат

537

Жогорку Кеңештин депутаттары жана пппарат кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдан жабыркагандар үчүн кан тапшырат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Муну менен катар Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында түзүлгөн атайын штабдар тийиштүү жумуштарды алып барууда. Учурда депутаттар тобу Баткен облусунда жана Ош шаарында жүрөт. Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми эл өкүлдөрү жарандар тарабынан түшкөн кайрылууларга жана айтылган сунуш-пикирлерге ылайык Министрлер кабинети менен бирге керектүү чараларды көрүүдө»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

538