7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар желектеги күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунуштады

966

Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев менен Улан Примов Кыргызстандын туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документте айтылгандай, бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат.

Кыргызстандын туусундагы күндүн нурларынын жаңы эскизин иштеп чыгуу үчүн авторлор – бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгышкан, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп, чиймелерди чийип, коштоочу иштерди жасаган инсандар тартылышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

967