7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттын иниси Төлөн Бакиров үй камагына чыгарылды

378

Депутаттын иниси Төлөн Бакиров үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-февралда Жалал-Абад шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси, учурда «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын Кочкор-Ата шаарындагы филиалынын директору Б.Т.К. УКМК тарабынан кармалган.

Белгилей кетсек, Б.Т.К. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бюджеттик акчаларга мыйзамсыз ээ болуу факттары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 9-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган.


«2020-жылы март айында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын тендердик комиссиясы туянын 1 көчөтүн 2600 сомдон сатып алуу боюнча сынак жарыялаган. Анын жыйынтыгында эң аз бааны сунуштаган жеке уюм жеңүүчү деп табылган.

Бирок камсыздоочу компания сатып алуучулар менен алдын ала макулдашып алып, көрсөтүлгөн сорттогу көчөттөрдүн ордуна башка сорттогу көчөттөрдү алып берген. 1 түп көчөттүн баасы 742 сомдон айланган. Мунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке 612 миң 800 сом зыян келтирилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

379