7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттын жээни ооруканада каза болду. Аны аялы бычактап салганы айтылууда

6225

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин тууганы ооруканада каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарындагы булактар ​​билдиришкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Камчыбек Жолдошбаевдин жээни жана 35 жашта болчу.

«Үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам аялы аны бычактап салган, маркум ооруканага өзүнүн унаасы менен жетүүгө аракет кылган. Саякбай Каралаев көчөсү менен келе жатып жеңил унааны сүзүп, эс-учун жоготкон. Жол кырсыктан оор жаракат алгандар жок.  Көп өтпөй аны жакынкы ооруканалардын бирине  жеткиришкен, тилекке каршы дарыгердер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Болжол менен көп  кан жоготуудан каза болгон», — деп жазылат маалыматта.

Камчыбек Жолдошбаев өзү бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6226