Бүгүн, 1-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев дин аалымы жана коомдук ишмер Өзүбек ажы Чотоновго «Берешен» медалын тапшыруу боюнча атайын буйрукка кол койду. Бул тууралуу “muftiyat.kg” сайты жазып чыкты.
Маалым болгондой, сыйлыкты Азирети Муфтий Муфтияттын эмгек жамаатынын катышуусунда Өзүбек ажыга тапшырды.
«Аалымдарыбыздын эмгектери ар дайым бааланышы керек. Ошондуктан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы аалымдарды кадырлоо максатында атайын орден жана медалдарды иштеп чыгып, 2018-жылдын бери аалымдарыбызга тапшырып келебиз»,-деди Азирети Муфтий.
Муну менен катар Азирети Муфтий Өзүбек ажы Чотоновго бекем ден соолук каалап; «Эң улуу сыйлыкты Алла Таала тапшырсын. Коомчулук үчүн жасаган ишиңиздин үзүрүн көрүңүз»,-деди Азирети Муфтий.
“Берешен” медалы Ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтып жана ошондой эле элибизге жасаган кайрымдуулук иштерине опол тоодой салым кошкондорго берилип келет.