Учурда Аяш 2 кино тасмасы элдин купулуна толуп, кинотеатрлардын баарында коюлуп жатат. Кинодо башкы ролдордун бирин ойногон актриса Динара Багышбаева инстаграм баракчасына кино учурунда 7 айлык боюндагы баласы менен тартылганын жазып чыкты.
“Кино тартылып жатканда 7 айлык боюмда бар эле. Ошондой эле 45градус күн ыссык болгон. Жолдошум кантип тартыласын, кыйналып каласың десе дагы жоооок кыйналбайм деп тартылгам. Чынын айтсам оор болду, бирок чыдап жүрүп ушул результатга келдик.
Канчалаган мээнет кетти уууух иииий 30 чакты адам команда менен Бишкектен Ошко жол тартып жүдөп. Анан бир суранычым бар эле, кинону көргөнү барганда , кыска нуска эле тартып киргизгилечи. Андан көп тартсаңыздар мыйзамды бузуу болуп эсептелинет. Көңүл бурганыңыздар үчүн жана биздин мээнетти сыйлаганыңыздар үчүн чоң рахмат”,-деди ал.