7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Динара Молдошева Инновациялар боюнча агенттиктин директору болуп дайындалды

669

Динара Молдошева Инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Молдошева Динара Автандиловна Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Айдаркен айылында 1979-жылы мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. Улуту — кыргыз. Үй-бүлөлүү.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Этика жана регламент боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
2011-жылдын 4-мартынан тартып — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
2011-жылдын 26-декабрынан тартып — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангында;
2018-жылдын май айынан баштап  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында эмгектенген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

670