7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таш-Көмүрдө мыйзамсыз труба казып жаткан жаран кармалды

472

Таш-Көмүрдө мыйзамсыз труба казып жаткандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, апрель айынын аягында Таш-Көмүр ШИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын жетекчилиги тарабынан чара көрүү максатында билдирүү түшкөн. Анда Таш-Көмүр шаарынын көчөлөрүнүн биринде белгисиз адамдар тарабынан оор техникалардын жардамы менен жерде көмүлүп турган темир трубаларды уруксатсыз казып жатышкандыгы боюнча маалымат берилген.

Аталган маалымат боюнча шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышып, далил буюм катары болжол менен 70 метр диаметри 325 мм темир трубалар унаа менен кошо алынган. Бул факт окуяга объективдүү толук баа берүү максатында КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ошондой эле, трубалар жергиликтүү ЖЧКга тиешелүү экендиги такталып, ал жеке уюмдун аткаруучу жетекчилиги окуя боюнча келтирилген зыянды толуктап, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранып, милицияга арыз менен кайрылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү катары Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1961-ж.т. Б.С. кармалды. Ал жерде көмүлүп турган темир трубаларды меники деп сатып жаткан. 25-май күнү КРнын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде Таш-Көмүр ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан сырткары дагы ушул сыяктуу уурулук фактыларга (труба жана рекламалык щит) тиешеси бар деп шектелип жатат. Алынган маалымат боюнча бул жаран өзүн “Элдик таза муун” укук коргоо кыймылынын Таш-Көмүр шаары боюнча координаторумун деп атап жүргөндүгү белгилүү болду. Дагы кошо кетүүчү нерсе, мурда дагы аталган Б.С. башка фактылар боюнча шектелип, ал жөнүндө убагында жалпыга маалымдоо каражаттары макалаларды жазып чыгышкан», — деп берилет маалыматта.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

473