«Хизбут-Тахрир» ДЭУнун жашыруун ячейкасынын 4 жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Такталгандай, кармалгандар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында диний сабактарды өткөрүп, ДЭУнун мүчөлөрүнүн «чогулуштарын» ай сайын аталган иштерди уюштуруп келишкен.
Аталган адамдардын жашаган жеринен көп сандагы экстремисттик адабияттар жана тиешелүү материалдар сакталышы мүмкүн болгон электрондук приборлор табылып алынган.
Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.